Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 37
Күлдү айылынын Күлдү участкасынан автоунаа токтотуучу жай куруу үчүн жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 18.07.2025-жылдагы чыгыш №01-05/1233 сандуу катына жана айылдык кеңештин жер жана муницпалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1.Күлдү айылынын Күлдү участкасынан 0.15 га жер тилкесин жайыт жерлер багытынан калктуу конуштардын(социалдык объекттер) жерлери багытына которууга макулдук берилсин.
2.Которулган жер тилкеси муниципалдык менчикке катталып, автоунаа токтотуучу жай куруу үчүн пайдаланылсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |