Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 38
Сары-Талаа айылынын Надиркен участкасынан “Мекен ынтымагы” ЖЧКсына 33,82 га жер аянтын темир рудасын казып иштетүү үчүн убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, “Мекен ынтымагы” ЖЧКнын жетекчилигинин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине , Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7 жана 40-беренелерине, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 17.07.2025-жылдагы чыгыш №01-05/1220 сандуу катына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Сары-Талаа айылынын Надиркен участкасынан жалпы аянты 33,82 гектар болгон жер тилкеси «Мекен ынтымагы» Жоопкерчилиги чектелген коомуна темир рудасын казып иштетүү үчүн 2045-жылдын 19-июнуна чейин убактылуу пайдаланууга (ижарага) макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин 2045-жылдын 19-июнуна чейин ижара акысынын өлчөмү жана пайдалануу шарттарын көрсөтүү менен тиешелүү мыйзамдардын негизинде "Мекен ынтымагы" ЖЧКсы менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жерди пайдаланууда экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо, жердин бузулушун алдын алуу жана кайра калыбына келтирүү боюнча талаптар так сакталсын.
4. Токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдоо жана каттоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |