Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 40
Орозбеков айылдык кеңешинин 29.05.2025-жылдагы “Учкун айылынан жер аянтын транформациялоо жөнүндө” №31 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, ” Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин 29.05.2025-жылдагы “Учкун айылынан жер аянтын транформациялоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолр киргизилип Орозбеков айыл аймагынын Учкун айылынан 1 га жер аянтын жайыт жерлер багытынан калктуу конуштардын(социалдык объекттер) жерлери багытына которууга макулдук берилсин.
2. Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, эс алуу паркын уюштуруу максатында пайдаланылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөткө тапшырылсын.
4. Орозбеков айылдык кеңешинин 29.05.2025-жылдагы кезексиз жетинчи сессиясынын “Учкун айылынан жер аянтын транформациялоо жөнүндө” №31 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |