Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 41
Айыл өкмөтүнө лизингге кызматтык унаа сатып алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25.07.2025-жылдагы №633-Тескемесине, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 30.07.2025-жылдагы чыгыш №01-04/1325 сандуу катына жана айыл өкмөтүнүн кызматтык ишмердүүлүгүн натыйжалуу камсыз кылуу максатында, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнө лизинг жолу менен кызматтык унаа алуу үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК сы менен келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25.07.2025-жылдагы №633-Тескемесинин 1-тиркемесине ылайык иш-кагаздарын тактап, лизингге кызматтык унаа алуу боюнча өтүнмө берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |