Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 18-августу № 51
Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн аймагындагы ирригациялык каналдарды мамлекеттик менчике өткөрүп, берүү жана Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөруп, берүү тууралуу.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 19- беренесине Мамлекеттик мүлк жөнүндө Мыйзамына ылайык, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы токтом кылат:
1. Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөнкү сугат каналдары мамлекеттик менчике өткөрүлүп, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын баланансына өткөрүлүп берилсин.
-Кыштут –Таян каналынын 7км 152метр аралыгы.
- Гороту-Сай каналынын 3км 336метр аралыгы.
- Чарбак Кош-Дөбө каналынын 4км 570метр аралыгы.
2.Тиешелүү өткөруп берүү актылары жана юридикалык докменттер айыл өкмөтү тарабынан мыйзам чегинде даярдап,өткөрүп берүү жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Маматовко милдентендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер, жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Матраимова |