Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-августу № 101
Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бужум айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-августундагы №382 сандуу чыгыш катынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы отурумунун корутундусунун, 2017-жылдын 17-августундагы №490 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасынын негизинде, шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган шифр 828-02/2024 сандуу, Бужум айылынын башкы планын карап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
3. Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К.Шакиров |