Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 20-августу № 102
Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 18-августундагы №384 сандуу катынын жана Суу-Башы айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынына муниципалдык бак кылуу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан №4969 контурундагы 1,68 га жер аянтын, №4970 контурундагы 0,32 га жер аянтын, №4973 контурундагы 0,50 га жер аянтын, №4696 контурундагы 0,70 га жер аянтын, №4675 контурундагы 0,73 га жер аянтын, №4677 контурундагы 0,57 га жер аянтын, жалпы 4,5 га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги “Жайыт” түрүнөн “Көп жылдык мөмө-жемиш бактар” түрүнө которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап, муниципалдык менчикке алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Шакиров |