Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-августу № 104
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-августундагы №402 сандуу катынын негизинде жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын Уставына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |