Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 23
Сырт жана Ынтымак айылдарына таза суу түтүгүн тартуу үчүн
жана суу кампасын курууга 0,50га жер аянтын ажыратып трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясынын 2025-жылдын 25-августундагы №4 протоколунун негизинде Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сырт жана Ынтымак айылдарына таза суу түтүгүн тартуу үчүн жана суу кампасын курууга 0,50га жер аянтын ажыратып трансформациялоого макулдук берилсин.
2.Трансформациялоо үчүн керектүү иштерди мыйзам чегинде аткаруу жагы Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Гафуров |