Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясынын
2025-жылынын 11-августу №1
«Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн акча каражаттары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 7-июлундагы №223, №224, №225-сандуу тескемелерине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.07.2025-жылдагы чыг.№01-18/4668 сандуу катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XI cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарында “Акылман” президенттик лицейинин филиалын куруу максатында бөлүнгөн 1 000 000 000 (бир миллиард) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарында “Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жаӊы заманбап имаратын куруу максатында бөлүнгөн 1 000 000 000 (бир миллиард) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Жалал-Абад шаарында Облустук филармониянын жаӊы имаратын куруу максатында бөлүнгөн 1 000 000 000 (бир миллиард) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн акча каражаттарын Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш департаменти аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жогорудагы курулуштарды ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
6. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |