Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2025-жылдын 18-августу № 17
Сур айылындагы скважинаны Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын Сур айылындагы скважина Мамлекеттик менчикке алынып, Суу ресупстары кызматынын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2.Токтом каттоодон өткөрүлүп Бирлик айылдык кеңешинин www.birlik.gov.kg/admin/ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айдаровго жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Гафуров |