Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясынын
2025-жылынын 11-августу №2
«Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүү жөнүндө »
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.07.2025-жылдагы №01-18/4073 сандуу катты жана ага тиркелген иш кагаздарды Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 30.07.2025-жылдагы отурумунда карап, комиссиянын корутундусуна ылайык жана Жалал-Абад шаарынын курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Д.Малашов көчөсү №51/3 дарегинде жайгашкан Т.Тургунбаевге таандык жалпы аянты 6837,10 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкесин “П-1” (өнөр-жай) укуктук зонадан “С-1” (саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият жана спорт объектеринин) укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |