Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги ХI сессиясынын
2025-жылынын 11-августу №3
«Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык трансформаторду Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.07.2025-жылдагы №01-18/4073 сандуу катты жана ага тиркелген иш кагаздарды Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 30.07.2025-жылдагы отурумунда карап, комиссиянын корутундусуна ылайык жана Жалал-Абад шаарынын курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Ж.Болотов атындагы №21-жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги муниципалдык трансформаторду Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Электр жабдууларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын балансына мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |