Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 18-июлу № 8/3
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо” жөнүндөгү №63 Мыйзамынын аткарылышы боюнча 2025-жылда өткөрүүлүчү иш-чараларга, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарынын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо” жөнүндөгү №63 Мыйзамынын аткарылышы боюнча 2025-жылда өткөрүүлүчү иш-чараларга, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Бердибеков |