Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
2025-жылдын 14-августу № 9/1
Үч-Коргон айыл өкмөтүнүнө кызматтык автоунаа каражаттарын лизинг жолу менен алууга макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, 16.05.2016-жылдагы №59 жана Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесине негиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 29-июлундагы №01-16/333 катына, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 31.07.2025-жылдагы №01-05/1980 катына ылайык Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүнө кызматтык автоунаа каражаттарын лизинг жолу менен алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп тапшыруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Бердибеков |