АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын он экинчи сессиясы
2023-жылдын 17-январындагы № 1
“Ардактуу атуул наамын ыйгаруунун тартибинин жобосу жөнүндө”
1. Ак-Чий айылдык аймактык кеңешинин депутаттары аталган маселени карап талкуулап, Ак-Чий айылдык кеңеши токтом кылат
2. Ак-Чий айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү типтүү жобосу бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Айталиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдыкадыр уулу |
| «БЕКИТИЛДИ» Ак-Чий айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 17-январындагы Кезектеги 12-сессиясынын №1 чечими менен
Төрага__________Н.Абдыкадыр уулу |
Ак-Чий айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгаруунун тартиби
жонyндо бекитилген типтyy ЖОБО
Жалпы жобо
1.1. “Ак-Чий айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобо ардактyу атуулдукка көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2. Наам берилчү жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, айылында жашаган жана сыртта жүргөн айылдын тургундарына тааныш, ошол эле учурда сый-урматка ээ болушу шарт.
1.З. “Ак-Чий айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы атуулдун айылы yчyн жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыраазычылык болуп эсептелет. Наам айылдын социалдык-экономикалык онүүгүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак даңкынын осүшүнө кошкон жетишерлик салымы үчүн берилет.
1.4. Наам айыл чарба багытындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим беруy багытьшдагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү yчyн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодоry жаңылануу-сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат.
1.5. Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн (анын ичинде ири демөөрчүлүк жардам), көрсөткөн баатырлыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарьлган эрдиктери жана өзгөчө кырдаалдардан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
1.6. Наам Ак-Чий айыл аймагынын башчысы кызматында катары менен 3 мөөнөтүндө шайланып кызмат кылган жаранга жана Ак-Чий айыл аймагынын депутаты болуп катары менен 3 чакырылышына шайланган депутатына берилиши мүмкүн.
1.7. Наам соттуулугу бар, сунушталган күнгө чейин соттолгон, жаза мөөнөтүн өтөгөн жарандарга ыйгарылбайт.
1.8. Haaм өзгөчө шарттарда жана жобонун 1.5-пунктундагы шарттарда гана мезгилсиз берилет. Калган убакта 5 жылда бир каралат.
1.9. Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт.
1.9. “Ак-Чий айьtл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине “Ак-Чий айыл аймагынын ардактуу атуулу” төш белгиси наамды тастыктаган күбөлүк ( айылдык Кенештин жана айыл өкмөтүнүн мөөрү менен) кошо тапшырылат.
1.10. Наам берүүгө кеткен чыгымдар айыл_өкмөтүнүн эсебинен каржыланат.
2. “Ак-Чий айыл аймагынын ардакгуу атуулу” наамына сунуштоо,кана тапшыруу тартиби.
2.1.Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жүзүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар (айылдык Кеңеш, жаштар уюму,.аксакалдар соту, аялдар кеңеши ж.б) уюшкан эмгек коллективи (дыйкан чарба бирикмелер), бардык түрдөгү мекемелер кайрылууга укуктуу.
2.2. Жеке жарандын кайрылуусу каралбайт.
2.3. Кайрылуу Айылдык Кеңеш тарабынан сессиядан каралат.
Кайрылуу ичине төмөндөгү документтерди камтышы зарыл;
- Арлактуу атуул наамына талапкердин критерийге дал келген жетишкендиктерин жана эмгектерин кеңири камтыган өмүр баяны.
-Сыйлыкка сунуштоо боюнча чечимдери,
-3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт
2.4. Сунушталган документтер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына берилет.
2.5. Айылдык Кеңештин депутаттары талапкердин документтерин кароо менен наамды ьйгаруу чечимин кабыл алышат же артка кайтарышат.
3. “Ак-Чий айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсинин укуктары жана жоопкерчилиги.
3.1. “Ардактуу атуул” наамынын ээси күбөлүгүн төш белгисин тагынуу менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда катышууга укуктуу.
3,2. “Ардактуу атуул” наамынын ээси айыл аймагындагы мекеме-ишканаларда уюмдарда чоryлуштарына катышууга укуктуу.
3.2. “Ардактyу атуул” наамынын ээси төш белгисин тагынып күбөлүrүн көрсөтүү менен майрамдык ар кандай иш_чараларда, жыйындарда сөrүнүүгө, коомдук тартипти бузуусуна тыюу салынат.
4. “Ак-Чий айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу.
4. 1. “Ак-Чий айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине сот күнөөcүн далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда элдик жыйындын негизинде айылдык Кеңештин чечими менен наамынан ажыратуу же ажыратпоо жагы каралат.
4.2.Жүрүш туруш нормалары жана кылган иши айылдык деңгээлдеги жогорку болуп эсептелген наам менен дал келишпеген учурда (чыр чатaк, мушташуу ж.б.у.с) жана ошол фактылар такталган учурда, жазуу түрүндө арыз түшкөндө айылдын “Ардактyу атуул” намынан ажыратуу жагы каралат.
4.3. “Ардактyу атуул” наамын ажыратуу жашыруун добуш берyy менен аныкт₠uIат. Жалпы
депутаттардын жарымынан кем эмеси (6) “макул” добуш берсе.
4.4. Наамын ажыратуу чечими кабыл алынган учурда наамды тастыктаган төш белгиси жана күбөлүгү кайтарылып берилуугө тийиш,
5. Добуш берүү тартиби.
5.1. Добуш берүү тартиби жабык түрдө болот.
5.2. Бюллетенде наам ыйгарылуучу атуулдун Фамилиясы, Аты, Атасынын аты жана алдына “макул”, “каршы” деп жазылат.
5.3. Эгерде наам алуучулардын саны көп болсо алфавит боюнча жазылат.
5.4. Ар бир талапкерге карата чыгарылган чечимдер жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (6) “макул” добушун берген учурда ишке ашырылат.
5.5. Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.