АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын 14 – сессиясы
2023-жылдын 19-июлундагы № 8
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн ички жана сырткы жайыттар боюнча төлөмдөрдү бекитип берүү жөнүндө
Токтом кылат:
1. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн ички жайытына малды жаюу боюнча төлөмдөр төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
- Кара малга – бир башына – 50 сом
- Койго – бир башына – 10 сом
2. Ак-Чий айыл аймагынын тургундарына жайлоого болгон төлөмдөр төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Кара малга - 50 сом
- Койго – 10 сом
- Жылкы- 50 сом
3. Ак-Чий айыл өкмөтүнүн сырткы айылдардан келген малдарды жаюу боюнча төлөмдөр төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
- Кара малга – бир башына – 200 сом
- Койго – бир башына – 40 сом
- Жылкы – бир башына – 200 сом
4. Ак-Чий айыл аймагына сырттан мал киргизип жаюуга тыюу салынат.
5. Аталган төлөмдөр боюнча көзөмөл жүргүзүү Ак-Чий айыл өкмөтүнүн “Жайыттар комитетинин” жетекчиси Т.Эдилбаевге тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Д.Дуйшембиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдыкадыр уулу |