АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын 16-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 10-октябрындагы № 14
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Чий айыл Кеңеши
токтом кылат:
1. Айтматов районунун Бакайыр, Ак-Чий, Аманбаев жана Маймак айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймак Аманбаев айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Аманбаев айыл аймагынын борбору Аманбаев айылында жайгашсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Абдыкадыр уулу |