Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-сентябры № 583
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 161 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн түрлөрүн бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 161 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн түрлөрүн бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
“1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн арналган жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн санарип форматындагы түрлөрү
1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн арналган туулгандыгын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүк (мындан ары – күбөлүк) жарандык абалдын актыларынын жазуулары автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары – “ЖААК” АМС) түзүлөт жана арыз ээсинин каалоосу боюнча А4 форматындагы кагазга чыгарып берилет.
Жогорку бөлүгүнүн борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, мамлекеттик жана расмий тилдерде “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ” жана “КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА” жазуулары, мамлекеттик жана расмий тилдерде “ТУУЛГАНДЫГЫ ТУУРАЛУУ КҮБӨЛҮК” жана “СВИДЕТЕЛЬСТВО О РОЖДЕНИИ” аталыштары жайгаштырылган.
Күбөлүктүн номери “ЖААК” АМСте туулгандыгы тууралуу актылык жазуу ырасталгандан кийин автоматтык түрдө түзүлөт.
Бланктын тилкелери туулгандыгы тууралуу актылык жазуудагы маалыматтар менен арыз ээси көрсөткөн мамлекеттик же расмий тилде “ЖААК” АМС аркылуу документти жекелештирүү жолу менен толтурулат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматында берилген күбөлүк туулгандыгын мамлекеттик каттоодо берилген кагаз түрүндөгү күбөлүк менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.