Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 581 токтому менен бекитилди) |
АБА КАТТАМЫ ЖӨНҮНДӨ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ЖАНА
БАХРЕЙН КОРОЛДУГУНУН ӨКМӨТҮНҮН
ОРТОСУНДАГЫ
МАКУЛДАШУУ
Аба каттамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана
Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы
макулдашуу
Мындан ары «Макулдашуучу тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтү, 1944-жылдын 7-декабрында Чикаго до кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенциянын катышуучулары болуп саналып;
рынокто авиамекемелердин ортосундагы атаандаштыкка негизделген эл аралык авиация системасын бекемдөөгө көмөктөшүү;
эл аралык аба каттамдарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүү;
натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык аба каттамдары сооданы өнүктүрөт, керектөөчүлөрдүн жыргалчылыгын жогорулатат жана экономикалык өсүүнү тездетет деп ишенүү менен;
жүргүнчүлөргө тейлөөнүн ар түрдүү формаларын сунуштоого авиамекемелерге мүмкүнчүлүк берүүнү каалап жана айрым авиамекемелерди инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү бааларды иштеп чыгууга жана колдонууга шыктандырууну көздөп;
эл аралык аба каттамдарын ишке ашырууда учуулардын коопсуздугунун жана авиациялык коопсуздуктун максималдуу деңгээлин камсыз кылууну каалап жана адамдын өмүрүнө жана мүлкүнө коркунуч жараткан, аба каттамдарынын иштешине терс таасирин тийгизген жана жарандык авиациянын коопсуздугуна коомчулуктун ишенимине шек келтирген аракеттерге же коркунучтарга байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун кайрадан билдирип;
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Аныктамалар
Эгер контекст башкача болбосо, ушул Макулдашуунун максаттарында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
а) "Конвенция" термини 1944-жылдын 7-декабрында кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенцияны билдирет жана анын 90-беренесине ылайык кабыл алынган бардык тиркемелерди, ошондой эле 90 жана 94-беренелерге ылайык Конвенцияга же анын тиркемелерине киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү камтыйт, эгерде мындай тиркемелер жана өзгөртүүлөр эки Макулдашуучу тараптар үчүн тең күчүндө болсо;
б) "авиациялык бийликтер" деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине карата — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигин, ал эми Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнө карата
- Транспорт жана телекоммуникациялар министрлигинин Жарандык авиация башкармалыгын билдирет, же эки таран тең ыйгарым укук берген башка органды билдирет, ал учурда аталган органдар тарабынан аткарылып жаткан функцияларды аткарууга укуктуу;
в) "келишимдик линиялар" термини жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктү жана почтаны ташуу үчүн ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча үзгүлтүксүз эл аралык аба каттамдарын билдирет;
г) "дайындалган авиамекеме" термини ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиамекемени билдирет;
д) "белгиленген маршрут" термини ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн маршрутту билдирет;
е) "жүк көтөрүү сыйымдуулугу" термини: — аба кемеси боюнча — белгилүү маршрутта же анын бөлүгүндө коммерциялык максатта ташуучу жүктү билдирет; — келишимдик линия боюнча — мындай линия үчүн колдонулган аба кемесинин жүк көтөрүү сыйымдуулугу менен анын белгилүү мезгил ичиндеги учууларынын жыштыгынын көбөйтүлгөн көлөмүн билдирет;
ё) "аймак", "аба каттамы", "эл аралык аба каттамы", "авиамекеме" жана "коммерциялык эмес максаттагы аялдама" деген түшүнүктөр тиешелүү түрдө Конвенциянын 2 жана 96-беренелеринде берилген маанилерге ылайык;
ж) "тариф" термини жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктү ташууга карата бааларды жана алардын колдонулушунун шарттарын, анын ичинде агенттиктер үчүн комиссиялык жыйымдарды жана транспорттук документтерди сатууга байланыштуу кошумча төлөмдөрдү билдирет. Бул термин почтаны ташууга байланыштуу төлөмдөрдү жана шарттарды камтыбайт;
з) "Тиркеме" термини ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана, эгер башкача көрсөтүлбөсө, Макулдашууга берилген бардык шилтемелер Тиркемеге да тиешелүү;
и) "жердеги жабдуулар", "запас бөлүктөр кампасы" жана "запас бөлүктөр" деген түшүнүктөр Конвенциянын 9-Тиркемесинде белгиленген мааниге ылайык.
2-берене. Конвенциянын колдонулушу
Ушул Макулдашуунун жоболору эл аралык аба каттамдарына тиешелүү болгон өлчөмдө Конвенциянын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
3-берене. Укуктарды берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча эл аралык аба каттамдарын ишке ашыруу максатында ушул Макулдашууда белгиленген укуктарды берет.
2. Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, ар бир Макулдашуучу Тарап дайындаган авиамекемеге төмөнкү укуктар берилет:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу токтобостон учуп өтүү укугу;
б) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында коммерциялык эмес максатта токтоо укугу;
в) ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн маршруттар боюнча пункттарда жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны эл аралык ташуу үчүн бортко алуу жана түшүрүү укугу.
3. Бул берененин 2-пунктунда каралган жоболор, дайындалган авиамекемеге экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жүргүнчүлөрдү, жүктү жана почтаны ошол эле мамлекеттин башка пунктуна ташуу үчүн бортко алуу укугун бербейт.
4. Эгерде куралдуу жаңжалдар, табигый кырсыктар, саясий башаламандыктар же башка үзгүлтүккө учураган жагдайлардан улам дайындалган авиамекеме өз маршруту боюнча каттамды аткара албаса, экинчи Макулдашуучу тарап мындай каттамдын үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу үчүн маршруту кайра түзүлүшү аркылуу мүмкүн болушунча жардам көрсөтөт.
4-берене. Авиамекемелерди дайындоо жана пайдалануу
уруксаттарын берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери келишимдик линияларды пайдалануу үчүн авиамекемени же авиамекемелерди дайындай алат, ошондой эле дайындоону жокко чыгарууга, алмаштырууга же башка авиамекемени дайындоого укуктуу. Мындай дайындоолор жана өзгөртүүлөр дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирилет.
2. Белгиленген формада жана тартипте дайындоо жөнүндө билдирүү алынгандан кийин, экинчи Макулдашуучу тарап төмөнкү шарттар сакталып турса, тиешелүү эксплуатациялык уруксаттарды жана ыйгарым укуктарды кечиктирбестен берет:
а) авиамекемеге артыкчылыктуу менчик укугу же реалдуу көзөмөл дайындоочу Макулдашуучу тарапка же анын жарандарына же алардын биргелешкен ээлигине таандык, же анын негизги ишмердүүлүк жери ушул мамлекеттин аймагында жайгашкан бол со;
б) авиамекеме тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык коюлган талаптарга жооп берсе;
в) дайындоочу Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 15 жана 16-беренелеринде көрсөтүлгөн коопсуздук стандарттарын сактаарын ырастаса.
3. Дайындоо жана эксплуатациялык уруксаттар алынгандан кийин, авиамекеме учуу графиги ушул Макулдашуунун 18-беренесине ылайык бекитилген шартта, каалаган убакта маршруттарды толук же жарым-жартылай пайдалана алат.
5-берене. Пайдалануу уруксаттарын жокко чыгаруу же
токтотуу
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери башка Макулдашуучу тарап жактан дайындалган авиамекемелерге карата пайдаланууга берилген уруксаттарды алып салууга, токтото турууга же чектөөгө укуктуу, эгерде:
а) мындай авиамекемелерге артыкчылыктуу ээлик кылуу жана чыныгы көзөмөл авиамекемени дайындаган Макулдашуучу тараптын же анын жарандарынын карамагында же бирге болбосо; же негизги иш орду анын мамлекетинин аймагында болбосо;
б) мындай авиамекеме бул Макулдашуунун 9-беренесинде баяндалган мыйзамдарга жана эрежелерге ылайык келбейт;
в) башка Макулдашуучу тарап бул Макулдашуунун 15-беренесинде жана 16-беренесинде белгиленген стандарттарды колдобойт жана сактабайт.
2. Ушул берененин 1б- пунктчасын мындан ары бузууну болтурбоо үчүн токтоосуз чара көрүү зарыл болгон учурларды кошпогондо, бул беренеде белгиленген укуктар ушул Макулдашуунун 23-беренесине ылайык жүзөгө ашырылуучу Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен кеңештеринен кийин гана жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Макулдашуунун 1 жана 2-пункттарынан тышкары, ар бир Макулдашуучу тарап өзгөчө учурларда же өзгөчө кырдаалдар учурунда, же коомдук коопсуздуктун кызыкчылыгында жана токтоосуз түрдө өз мамлекетинин аймагынын үстүнөн учуп өтүүнү же анын аэропортторуна конууну убактылуу чектөө же тыюу салуу укугун өзүнө калтырат.
6-берене. Бажы төлөмдөрүнөн жана башка милдеттенмелерден
бошотуу
Макулдашуучу тараптар 1944-жылы кабыл алынган Чикаго Конвенциясында, ага карата кабыл алынган тиркемелерде жана өзгөртүүлөрдө каралган, ошондой эле Макулдашуучу тараптар тарабынан ратификацияланган бажы төлөмдөрүнөн жана башка салыктардан жана жыйымдардан бошотууларды колдонууга милдеттенишет.
7-берене.Тарифтер
1. Ар бир Макулдашуучу тарап дайындалган авиамекеме тарабынан рыноктук коммерциялык негизде тарифтер белгиленерин тааныйт. Макулдашуучу тараптардын кийлигишүүсү төмөнкү учурлар менен гана чектелет:
а) атаандаштыкка карты жүрүм-турум болуп саналган жана тарифтерди колдонуу менен атаандаштарды каттамдан сүрүп чыгарууга алып келиши мүмкүн болгон же бул таасирге ээ болгон учурлар;
б) керектөөчүлөрдү үстөмдүк абалынан кыянат пайдалануу натыйжасында негизсиз жогору же чектөөлөрдү камтыган тарифтерден коргоо;
в) авиамекемелерди атайын түрдө төмөн коюлган тарифтерден коргоо.
2. Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин аймактарынын ортосундагы эл аралык аба каттамдары боюнча алынуучу тарифтер алдын ала бекитилүүгө тийиш эмес. Муну менен катар, Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиамекемелери, өтүнүч келген учурда, жараксыз болуп калган, учурда колдонулуп жаткан жана сунушталып жаткан тарифтер тууралуу маалыматты авиациялык бийликтерге алардын кабыл алуусуна ылайык формада жана ыкмада өз убагында жана жеткиликтүү түрдө берүүнү улантышат.
3. Бир да Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемеси тарабынан сунушталган же колдонулуп жаткан тарифтин күчүнө киришине же колдонулушун улантууга тоскоол болгон бир тараптуу чараларды көрбөшү керек. Эгерде кандайдыр бир тариф ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жоболорго каршы келсе деп эсептелсе, нааразы болгон Макулдашуучу тарап консультацияларды өткөрүүнү талап кылып, экинчи Макулдашуучу тарапка өзүнүн нааразычылыгынын себептерин мүмкүн болушунча тез билдирүүгө милдеттүү. Консультациялар суроо-талап алынгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде өткөрүлөт. Макулдашуучу тараптар маселени негиздүү чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды өз ара бөлүшөт. Эгерде Макулдашуучу тараптар нааразычылык билдирилген тариф боюнча макулдашууга жетишсе, ал макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн бардык аракеттерди көрүшөт. Өз ара макулдашуу болбосо, тариф күчүнө кирет же күчүндө калат.
8-берене. Жүк көтөрүү сыйымдуулугу
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемеси келишимдик каттамдар боюнча тангууну аткарууда, Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин аймагында жүктү, жүргүнчүлөрдү жана почтаны жүктөп жана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына түшүрүүдө, же тескерисинче болгон учурларда, адилеттүү жана бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушат. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемелери экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жүктөлгөн жана белгиленген маршруттардагы пункттарда түшүрүлгөн же тескерисинче жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана почтаны ташуу сыйымдуулугун аныктоодо экинчи Макулдашуучу тарап акыркы авиамекеменин кызыкчылыгына негизсиз таасир тийгизбөө үчүн дайындалган авиамекеменин мындай ташуудагы негизги кызыкчылыгын эске алат.
2. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемелерине берилген келишимдик линияларды пайдаланууда калктын белгиленген каттамдар боюнча ташууларга болгон керектөөлөрү эске алынууга тийиш жана алардын ар бири өзүнүн башкы максаты катары авиамекеме дайындаган Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жүктөлгөн же түшүрүлгөн жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана почтаны ташууга, жүргүнчүлөрдүн муктаждыктары боюнча белгиленген талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү жүк көтөрүү сыйымдуулугун камсыздашы керек.
3. Мындай ташууларды аткарууда үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан эл аралык жүргүнчүлөрдү же ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн каттамдардагы пунктка же пункттарга отургузуу же түшүрүү укугу эки Макулдашуучу тарап тең карманган эл аралык аба транспортун ирээттүү өнүктүрүүнүн жалпы принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат жана сыйымдуулук аба транспорту менен байланыштуу болушу керек деген жалпы принцип менен аныкталат жана төмөнкүлөр менен байланыштуу болууга тийиш:
а) авиамекемени дайындаган Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жүктөлгөн же түшүрүлгөн ташууларга карата талаптарга;
б) ушул аймакта жайгашкан мамлекеттердин авиамекемелери тарабынан белгиленген башка аба кыймылын эске алуу менен авиамекеме учууларды ишке ашырган аймактагы ташуулардын муктаждыктарына.
9-берене. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу
1. Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин мыйзамдары жана эрежелери анын мамлекетинин аймагынан эл аралык аба каттамдары менен учкан аба кемесинин кирүүсүн жана чыгуусун жөнгө салган мыйзамдар жана эрежелер башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемесинин аба кемелерине карата колдонулат.
2. Жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, багаждын жана жүктүн, анын ичинде почтанын, анын ичинде эмиграция, иммиграция, бажы текшерүүлөрү, саламаттык сактоо жана карантин сыяктуу расмий жол-жоболорго тиешелүү, анын мамлекетинин аймагына келүүсүнө, болушуна жана андан кетишине тиешелүү бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдары жана эрежелери алар аталган аймактын чегинде болгон учурда экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемесинин аба кемелери менен ташылган жүргүнчүлөргө, экипажга, багажга, жүккө жана почтага карата колдонулат.
3. Бир дагы Макулдашуучу тарап ушул беренеде айтылган Макулдашуучу тараптын мамлекеттеринин мыйзамдарын жана эрежелерин колдонууда башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемесине караганда өзүнүн же башка авиамекемесине артыкчылык бербейт.
10-берене. Күбөлүктөрдү жана лицензияларды таануу
1. Макулдашуучу тараптардын бири жактан берилген же таанылган жана күчүндө калган учууга жарактуулук күбөлүгү, квалификациялык күбөлүктөрү жана лицензиялары ушул Макулдашууга ылайык келишимдик линияларды эксплуатациялоо үчүн башка Макулдашуучу тарап жактан, берилген же күчүнө кирген күбөлүктөр жана ал күбөлүктөр Конвенцияга ылайык белгилениши мүмкүн болгон минималдуу стандарттарга жооп бере алса же андан ашса, эгерде ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн талаптар аткарылган шартта жарактуу катары кабыл алынат.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында учууларды аткаруу үчүн өзүнүн жарандарына башка Макулдашуучу тарап же башка мамлекет тарабынан берилген квалификациялык күбөлүктөрдү таанууга же таануудан баш тартууга укуктуу.
11-берене. Учактарды ижарага алуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап, эгерде мындай колдонуу Макулдашуунун 15-беренеси (Учуулардын коопсуздугу) жана 16-беренеси (Авиациялык коопсуздук) менен шайкеш келбесе, ижарага алынган аба кемелерин ушул Макулдашууга ылайык байланыш үчүн колдонууга тыюу сала алат.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык, эгер мындай макулдашуулардын бардык тараптары тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болсо жана мындай макулдашууларга карата колдонулуучу талаптарга жооп берсе, анда ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемелери башка авиамекемелерден ижарага алынган аба кемелерин колдоно алышат.
3. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемеси башка авиамекемелерди кошкондо, ар кандай компаниядан ижарага алынган аба кемесин (же аба кемесин жана экипажды), эгерде бул ижарага берүүчү авиамекеме аткарууга ыйгарым укугу жок ташууларды жүзөгө ашырууга алып келбесе, анда пайдалана алат.
12-берене. Жол жүрүү документтеринин коопсуздугу
Эки Макулдашуучу тараптын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык Макулдашуучу тараптар төмөндөгүлөрдү макулдашат:
а) алардын паспортторун жана башка жол жүрүү документтерин коргоону камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүнү;
б) ушул Макулдашуучу тарап жактан же Макулдашуучу тараптын атынан берилген паспорттор жана башка жол жүрүү документтеринин мыйзамдуу берилүүсүнө, текшерилишине жана пайдаланылышына көзөмөлдү орнотууну;
в) ал тарабынан берилген жол жүрүү документтеринин жана өздүгүн ырастоочу күбөлүктөрдүн туура эмес колдонулушуна, оңой өзгөртүлүшүнө, көчүрүлүшүнө же мыйзамсыз берилүүсүнө жол бербөө үчүн жол-жоболорду белгилөө же өркүндөтүү;
г) ИКАОнун жол жүрүү документтерине ылайык өздөрүнүн паспортторун жана башка жүрүү документтерин берүүнү;
д) жалган же жасалма жол жүрүү документтерине байланыштуу ыкчам маалымат менен бөлүшүү жана башка Макулдашуучу тарап менен жол жүрүү документтерин жасалмалоого, анын ичинде жол жүрүү документтерин бурмалоого же жасалмалоого, жалган же жасалма жол жүрүү документтерин колдонууга, жарактуу жол жүрүү документтерин башкалардын атын жамынган адамдардын колдонуусуна, укук бузууларды жасоого көмөктөшүү үчүн мыйзамдуу ээлери тарабынан чыныгы жол жүрүү документтерин кыянаттык менен пайдаланууга, жараксыз же жокко чыгарылган жол жүрүү документтерин колдонууга жана алдамчылык жол менен алынган жол жүрүү документтерин колдонууга каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн башка Макулдашуучу тарап менен кызматташууну.
13-берене. Кепилдиктер
1. Макулдашуучу тараптар авиамекемелердин төмөнкү тажрыйбасын кылдаттык менен карап чыгууга татыктуу болгон адилетсиз атаандаштыктын мүмкүн болуучу тажрыйбасы катары кароого макул болушат:
а) каттамдар боюнча авиатарифтерди алар байланышкан кызматтарды көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн жалпысынан жетишсиз деңгээлде коюу;
б) ашыкча жүк көтөрүү сыйымдуулугун же ташуунун жыштыгын кошуу;
в) бул тажрыйба убактылуу эмес, туруктуу;
г) мындай тажрыйба башка авиамекемеге олуттуу терс экономикалык таасирин тийгизет же ага олуттуу зыян келтирет;
д) мындай тажрыйба ачык ниетти билдирип, же башка авиамекемеге зыян келтириши, аны жок кылуу же рыноктон чыгарууга таасирин тийгизиши мүмкүн;
е) жүрүм-туруму каттамдагы үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдаланууну күбөлөйт.
2. Эгерде Макулдашуучу тараптардын биринин авиациялык бийликтери башка Макулдашуучу тараптын дайындаган авиамекемеси тарабынан дайындалган же аткарылган операция же операциялар ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча адилетсиз атаандаштыкты түзүшү мүмкүн деп эсептесе, анда алар 23-беренеге (Консультациялар жана толуктоолорду киргизүү) ылайык маселени чечүү үчүн кеңешүүлөрдү өткөрүү өтүнүчү менен кайрыла алышат. Кайсы бир өтүнүч болбосун, кайрылуунун себептери көрсөтүлүшү керек жана мындай консультациялар өтүнүч берилген күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде башталат.
3. Макулдашуучу тараптар маселени кеңештер аркылуу чече албаса, анда Макулдашуучу тараптардын бири талаш-тартышты чечүү үчүн 25-беренеге (Талаштарды жөнгө салуу) ылайык талаштарды чечүү механизмин колдоно алат.
14-берене. Кирүүгө укугу жок жүргүнчүлөр, документи жок
жүргүнчүлөр, ошондой эле депортацияланган адамдар
1. Ар бир Макулдашуучу тарап чек араны натыйжалуу көзөмөлдөөнү орнотууга макул болот.
2. Ушуга байланыштуу, ар бир Макулдашуучу тарап мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү максатында жол берилбеген жүргүнчүлөргө, документи жок жүргүнчүлөргө жана депортациялангандарга байланыштуу Конвенциянын 9-тиркемесинин (Формалдуулукту жеңилдетүү) стандарттарын жана сунушталган тажрыйбасын сактоого макул болот.
3. Жогорудагы максаттарга ылайык, ар бир Макулдашуучу тарап, жагдайга жараша "жасалган, жасалма же жалган документтерге, ошондой эле башкалардын атын жамынган адамдар тарабынан колдонулган түпнуска документтерге" тиешелүү документти берүү же кабыл алуу боюнча макул болушат. Жасалма же жасалма жол жүрүү документтерин алып коюуга карата ошол тиркеменин 3-бөлүмүнүн тиешелүү абзацтарына ылайык чараларды көрүү учурунда 9-тиркеменин б) пунктуна ылайык келтирилет.
15-берене. Учуулардын коопсуздугу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап каалаган убакта учуу экипаждарына, аба кемелерине же аба кемелерин пайдаланууга тиешелүү чөйрөлөрдө башка Макулдашуучу тарап сактаган учуулардын коопсуздук ченемдери боюнча кеңештерди өткөрүү өтүнүчү менен кайрыла алат. Мындай кеңештер мындай өтүнүч менен кайрылгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде өткөрүлөт.
2. Эгерде мындай кеңештердин жыйынтыгында биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын коопсуздук стандарттарын натыйжалуу ишке ашырбай жана колдонбой жатат деп эсептесе, анда Конвенцияда белгиленген минималдуу стандарттарга барабар болгон, биринчи Макулдашуучу тарап, экинчи Макулдашуучу тарапка ушул минималдуу стандарттарга жооп берүү үчүн зарыл деп эсептелген бул корутундулар жана аракеттер жөнүндө кабарлайт, ал эми экинчи Макулдашуучу тарап тиешелүү түзөтүүчү чараларды көрөт. Экинчи Макулдашуучу тараптын он беш (15) күндүн ичинде же макулдашылгандан да узак мөөнөттүн ичинде тиешелүү чараларды көрбөгөнү эксплуатацияга уруксатты токтото туруу үчүн негиз болуп саналат.
3. Конвенциянын 33-беренесинде эскертилген милдеттенмелерге карабастан, Макулдашуучу тараптын бири дайындалган авиамекеменин(лердин) атынан дайындалган мекеме(лер) тарабынан эксплуатациялануучу же ижарага алынган ар кандай аба кемеси Макулдашуучу тараптын бири дайындаган авиамекемесинин(леринин) атынан Макулдашуучу тараптын бирине же башка Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагынан кайтуу каттамдары боюнча башка Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында болгон учурда башка Макулдашуучу тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан аба кемесинин бортунда жана айланасындагы документтердин аныктыгын, аба кемесинин жана анын экипажынын жана аба кемесинин жана анын жабдууларынын иш жүзүндөгү тышкы абалын (ушул беренеде «рампалык текшерүү» деп аталат), эгерде бул ашыкча кечиктирүүгө алып келбесе, текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн деп макулдашылды.
4. Эгерде мындай рампалык текшерүү же бир катар рампалык текшерүүлөр төмөнкүлөргө алып келсе:
а) аба кемеси же аба кемесин эксплуатациялоо Конвенцияга ылайык учурда белгиленген минималдуу стандарттарга жооп бербейт деген олуттуу коркунучтарга; же
б) Конвенцияга ылайык ошол убакта белгиленген натыйжалуу техникалык тейлөөнүн жана коопсуздук стандарттарын башкаруунун жоктугуна олуттуу коркууларга, Конвенциянын 33-беренесинин максаттары үчүн инспекцияны жүргүзүүчү Макулдашуучу тарап ошол аба кемесине же ошол аба кемесинин экипажына карата сертификаттар же күбөлүктөр берилген же жарактуу деп таанылган талаптар же бул аба кемеси аларга ылайык колдонулуучу талаптар Конвенцияга ылайык белгиленген минималдуу стандарттарга жооп бербейт же андан ашпайт деп тыянак чыгарууга укуктуу.
5. Ушул берененин 3-пунктуна ылайык Макулдашуучу тараптардын биринин дайындалган авиамекемеси тарабынан эксплуатациялануучу аба кемесин рампалык текшерүү максаттары үчүн кирүүгө ошол авиамекеменин өкүлү кирүүгө тыюу салган учурда, экинчи Макулдашуучу тарап аба кемесин ушул берененин 3-пунктуна ылайык кирүүгө тыюу салган учурда ушул берененин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мүнөздөгү олуттуу тынчсыздануулар пайда болду деген жана пунктта көрсөтүлгөн корутундуга келет.
6. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемесинин эксплуатациялоого уруксатты токтото туруу же өзгөртүү укугун өзүнө калтырат, эгерде биринчи Макулдашуучу тарап рампалык текшерүүнүн, перронду текшерүүнүн, кеңештердин сериясынын же башка жол менен тез арада чара көрүү авиамекемелердин ишинин коопсуздугу үчүн абдан маанилүү деген жыйынтыкка келет.
7. Ушул берененин 2 же 6-пункттарына ылайык Макулдашуучу тараптардын биринин ар кандай аракеттери ал чараларды көрүү үчүн негиз жок болоор замат токтойт.
16-берене. Авиациялык коопсуздук
1. Эл аралык укукка ылайык өз укуктарына жана милдеттерине ылайык, Макулдашуучу тараптар жарандык авиациянын коопсуздугун мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча бири-биринин алдындагы милдеттенмелери ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп санала тургандыгын ырасташат. Эл аралык укук боюнча өз укуктарын жана милдеттерин жалпы колдонууга зыян келтирбестен, Макулдашуучу тараптар, атап айтканда, 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол коюлган Аба кемесинин бортунда жасалган укук бузуулар жана кээ бир башка актылар жөнүндө Конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү боюнча Конвенциянын, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү боюнча Конвенциянын жана ага кошумча 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлеген аэропорттордо мыйзамсыз зомбулук аракеттерине бөгөт коюу боюнча Протоколдун, ошондой эле эки Макулдашуучу тарап катышкан жарандык авиациянын коопсуздугуна тиешелүү башка конвенциялардын жана протоколдордун жоболоруна ылайык аракеттенишет.
2. Макулдашуучу тараптар жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларын жана мындай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипаждарынын, аэропорттордун жана аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка укукка каршы аракеттерди болтурбоо, жарандык авиациянын коопсуздугуна башка коркунучтарды жоюу үчүн бири-бирине өтүнүч боюнча бардык зарыл жардамды көрсөтүшөт.
3. Макулдашуучу тараптар өз ара мамилелеринде Конвенциянын Тиркемелери деп аталган Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан белгиленген авиациялык коопсуздуктун жоболоруна ылайык аракеттенишет, алар реестриндеги аба кемелеринин эксплуататанттарынан же негизги иштеген жери же туруктуу жашаган жери алардын тиешелүү мамлекеттеринин аймагында болгон аба кемелеринин эксплуатанттарынан авиациялык коопсуздуктун мындай жоболоруна ылайык аракеттенүүсүн талап кылат. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка өзүнүн улуттук эрежелери жана тажрыйбасы менен Тиркемедеги авиациялык коопсуздук стандарттарынын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө кабарлайт. Ар бир Макулдашуучу тарап каалаган убакта мындай айырмачылыктарды талкуулоо үчүн башка Макулдашуучу тарап менен шашылыш кеңештерди өткөрүү тууралу өтүнүч жолдой алат.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап дайындалган аба кемелеринин эксплуатанттарынан башка Макулдашуучу тарап учуп келгенде, учуп кеткенде же ошол экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жүргөндө, жогоруда 3-пунктта эскертилген авиациялык коопсуздуктун жоболорун сактоо талап кылынышы мүмкүн экендигине макул болот. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн мамлекетинин аймагында аба кемелерин коргоо үчүн жана жүргүнчүлөрдү, экипажды, кол жүгүн, багажды, жүктү жана борт запастарын отургузуу же жүктөө алдында жана учурунда текшерүү үчүн натыйжалуу чаралардын колдонулушун камсыз кылат. Ар бир Макулдашуучу тарап, ошондой эле белгилүү бир коркунучка карата акылга сыярлык атайын коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө башка Макулдашуучу тараптын ар кандай өтүнүчүн боорукердик менен карайт.
5. Жарандык аба кемесин мыйзамсыз басып алуу окуясы же окуя коркунучу же мындай аба кемесинин, алардын жүргүнчүлөрүнүн жана экипажынын, аэропортторунун же аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы башка мыйзамсыз аракеттер болгон учурда, Макулдашуучу тараптар бири-бирине байланышты камсыз кылуу жана мындай окуяны же анын коркунучун тез жана коопсуз токтотууга багытталган башка тийиштүү чаралар көрүү аркылуу жардам беришет.
6. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери кабарлоо күнүнөн тартып алтымыш (60) күндүн ичинде экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында келип түшкөн же биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагынан келүүчү же анын аймагына чыгып кетүүчү учууларга карата колдонулган же пландаштырылган чараларга баа берүүнү жүргүзүүгө укуктуу. Мындай баа берүүнү жүргүзүү боюнча административдик жана уюштуруучулук иш-чаралар авиациялык бийлик органдары тарабынан макулдашылат жана баалоонун ыкчам жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында токтоосуз жүзөгө ашырылат.
7. Эгерде Макулдашуучу тараптардын бири башка Макулдашуучу тарапка ушул берененин жоболорунан четтеп жатат деп ишенүүгө олуттуу негиздер болсо, биринчи Макулдашуучу тарап кеңештерди өткөрүүнү сурай алат. Мындай кеңештер Макулдашуучу тараптардын кайсынысынан болбосун мындай өтүнүч келип түшкөндөн кийин отуз (30) күндүн ичинде башталат. Кеңештер башталгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде канааттандырарлык макулдашууга жетишилбесе, экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиамекемеге же авиамекемелерге уруксат берүүдөн баш тартуу, жокко чыгаруу, токтото туруу же шарттарды коюу үчүн негиз болуп саналат. Эгерде бул өтө зарылчылыктан же ушул берененин жоболорун андан ары сактабоого жол бербөө максатында шартталса, биринчи Макулдашуучу тарап каалаган убакта убактылуу чараларды көрө алат.
17-берене. Коммерциялык ишмердүүлүк
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык, ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиамекемелерине өз мамлекетинин аймагында эл аралык аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүн жана тиешелүү продукцияларды сатуу жана маркетингин, анын ичинде "онлайн" жана "оффлайн" режиминде өзүнүн өкүлчүлүктөрүн түзүү укугун берет.
2. Макулдашуучу тараптар өз мамлекеттеринин тиешелүү аймактарында автоматташтырылган брондоо системасы (АБС) ушундай жол менен иштей тургандыгына макул болушат:
а) аба жүргүнчүлөрүнүн кызыкчылыктары АБС маалыматтарын ар кандай кыянаттык менен пайдалануудан, анын ичинде андагы туура эмес маалыматтардан корголгон; жана
б) ИКАО тарабынан кабыл алынган АБС жол-жоболору эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу продукцияларын бөлүштүрүүгө колдонулат.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемелерине уруксат берет:
а) өз мамлекетинин аймагына башкаруучулук, коммерциялык, техникалык, эксплуатациялык жана башка атайын функцияларды аткарган чет өлкөлүк кызматкерлерди кабыл алуучу мамлекеттин кирүү, жашоо жана ишке орношуу боюнча мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык аба транспортук кызматтарын көрсөтүү үчүн алып келүүгө жана кармоого; жана
б) анын мамлекетинин аймагында иштеген жана мындай кызматтарды көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу ар кандай башка уюмдун, компаниянын же авиамекеменин кызматтарынан жана персоналынан пайдаланууга.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемелерине күйүүчү майды сатып алууну кошкондо, өз мамлекетинин аймагында жергиликтүү чыгымдарды жергиликтүү валютада же авиамекемелердин тандоосу боюнча Макулдашуучу тараптын мыйзамдарына ылайык эркин конвертациялануучу каалаган валютада төлөөгө уруксат берет.
5. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиамекемесине(лерине) авиамекеме(нин) кароосу боюнча, аба транспортунун кызматтарын сатуудан жана ага байланыштуу ишмердүүлүктөн түздөн-түз түшкөн, суммасы жергиликтүү чыгымдардан ашкан аба транспортуна тиешелүү бардык жергиликтүү кирешелерди чет өлкөгө которууга жана чегерүүгө, бул которууну жана чегерүүнү кодулоосуз жана которуу жана чегерүү өтүнүчү келип түшкөн күнү колдонулуучу расмий курс боюнча дароо жүргүзүүгө уруксат берилет.
18-берене. График менен камсыз кылуу
Мүмкүн болушунча тезирээк, бирок келишимдик линияларды берүүгө же анын кандайдыр бир өзгөрүүсүнө чейин отуз (30) күндөн кем эмес же авиациялык бийликтерден суроо-талапты алгандан кийин отуз (30) күндүн ичинде бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемеси экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине тейлөөнүн мүнөзү, график, аба кемелеринин түрлөрү, анын ичинде көрсөтүлгөн каттамдардын ар биринде каралган жүк көтөрүү сыйымдуулугу жөнүндө маалыматты жана ушул Макулдашуунун талаптары тийиштүү түрдө аткарылып жаткандыгы жөнүндө экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерин ынандыруу үчүн зарыл болгон ар кандай кошумча маалыматтарды берет.
19-берене. Статистиканы берүү
Макулдашуучу тараптардын биринин авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине алардын талабы боюнча негиздүү зарыл болгон мезгилдүү же башка статистикалык маалыматтарды берет. Мындай маалыматтар келишимдик каттамдар боюнча дайындалган авиамекемелердин кыймылынын көлөмүн, ошондой эле мындай ташуунун баштапкы чыга турган жана бара турган пункттарын аныктоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды камтыйт.
20-берене. Көп тараптуу конвенцияларга дал келүү
Макулдашуучу тараптар катышуучу болгондо же катышуучу боло баштаганда көп тараптуу аба транспорту боюнча жалпы конвенция күчүнө кирген учурда, мындай конвенциянын жоболору артыкчылыктуу күчкө ээ болот. Ушул Макулдашуунун канчалык деңгээлде токтотулушун, алмаштырылышын, өзгөртүлүшүн же көп тараптуу конвенциянын жоболору менен толуктоолорду аныктоо боюнча ар кандай талкуулар ушул Макулдашуунун тиешелүү беренелерине ылайык жүргүзүлөт.
21-берене. Пайдалануучулардан алган жыйымдар
1. Бир дагы Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиамекемеси ушул сыяктуу эл аралык каттамдарды аткарган өзүнүн авиамекемелерди колдонуучулардан алган жыйымдарга Караганда көбүрөөк алууну тануулабайт же уруксат бербейт.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап, мамлекеттин жыйымдарды алуучу компетенттүү органы менен мындай орган көрсөткөн кызматтарды жана каражаттарды пайдаланган авиамекемелердин ортосунда, мүмкүн болсо, ошол авиамекемелердин өкүлчүлүк уюмдары аркылуу колдонуучулардан төлөмдөргө байланыштуу кеңештерди өткөрүүгө көмөктөшөт. Колдонуучулардан төлөмдөрдү өзгөртүү боюнча ар кандай сунуштар, өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн, мындай колдонуучуларга өз убагында билдирилиши керек. Ар бир Макулдашуучу тарап ошондой эле мамлекеттин төлөмдөрдү алуучу компетенттүү органын жана мындай колдонуучулардан алынган төлөмдөргө тиешелүү маалымат алмашууну сунуштайт.
22-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо
Макулдашуучу тараптар авиацияны туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү аркылуу айлана-чөйрөнү коргоо зарылдыгын ырасташат. Макулдашуучу тараптар өздөрүнүн мамлекеттик аймактарынын ортосундагы аба каттамдарына карата Конвенциянын 16-тиркемесин жана ИКАОнун колдонулуучу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча саясатын жана жетекчилик материалын сактоого макул болушат.
23-берене. Кеңештер жана толуктоолорду киргизүү
1. Тыгыз кызматташтыктын духунда аракеттенип, Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери ушул Макулдашуунун жана анын тиркемелеринин жоболорунун аткарылышын жана канааттандырарлык аткарылышын камсыз кылуу максатында мезгил-мезгили менен бири-бири менен кеңешип турушат.
2. Эгерде бул мөөнөт эки Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтеринин макулдугу менен узартылбаса, мындай кеңештер суроо-талапты алган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде башталат.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап каалаган убакта ушул Макулдашуунун жоболорун өзгөртүү үчүн Макулдашуучу тарап менен кеңештерди талап кылууга укуктуу.
4. Ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр анын ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протокол менен киргизилет жана Макулдашуучу тараптардын ортосунда макулдашылган тартипте жана мөөнөттө күчүнө кирет.
5. Ушул берененин жоболоруна карабастан, ушул Макулдашууга тиркелген Маршруттардын ырааттамасына (Тиркеме) өзгөртүүлөр Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө макулдашылышы мүмкүн.
24-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу Макулдашуучу тараптардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыккан учурда, Макулдашуучу тараптар биринчи кезекте аны өз ара сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө умтулушат.
2. Эгерде Макулдашуучу тараптар сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга жетише алышпаса, алар талашты арбитражга берүүгө макул болушу мүмкүн, же талаш-тартыш Макулдашуучу тараптын биринин өтүнүчү боюнча үч (3) арбитрден турган, экөөсү Макулдашуучу тараптардын ар бири тарабынан, ал эми үчүнчүсү мындай дайындалган эки арбитр тарабынан дайындалган сотко жиберилет. Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптын дипломатиялык каналдары аркылуу талаш-тартыштын сот тарабынан каралышы жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде арбитрди дайындайт жана дагы отуз (30) күндүн ичинде үчүнчү арбитр дайындалат. Эгерде Макулдашуучу тараптардын бири көрсөтүлгөн мөөнөттө арбитрди дайындай албаса, же үчүнчү арбитр көрсөтүлгөн мөөнөттө дайындалбаса, Эл аралык жарандык авиация уюмунун Кеңешинин төрагасы Макулдашуучу тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, учурдун талабына ылайык арбитрди же арбитрлерди дайындайт. Кандай болгон күндө да үчүнчү арбитр үчүнчү өлкөнүн жараны болуп саналат жана арбитраждык соттун төрагасынын милдетин аткарат жана арбитраж өтө турган жерди аныктайт. Эгерде Кеңештин төрагасы Макулдашуучу тараптардын кайсы биринин мамлекетинин жараны болсо, же ал талаш-тартыш боюнча бейтарап деп эсептелүүгө мүмкүн болбогон мамлекеттин жараны деп эсептелсе, анда анын негизинде дисквалификацияланбаган эң улук вице-президент дайындоого милдеттүү. Арбитраждык сот көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алат.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап өзү дайындаган арбитрдин жана анын арбитраждагы өкүлчүлүгүнүн чыгымдарын көтөрөт. Кеңештин Президентинин чыгымдарын жана башка чыгымдарды Макулдашуучу тараптар бирдей үлүштө көтөрүшөт.
4. Макулдашуучу тараптар ушул берененин 2-пунктуна ылайык кабыл алынган ар кандай чечимди аткарууга милдеттенишет.
5. Эгерде Макулдашуучу тараптын бири 2-пунктка ылайык кабыл алынган чечимди аткарганга чейин, экинчи Макулдашуучу тарап чечимди аткарбаган Макулдашуучу тарапка же чечимди аткарбаган дайындалган авиамекемелерге ушул Макулдашуунун негизинде ыйгарылган укуктарды же артыкчылыктарды чектеп, токтотуп же жокко чыгара алат.
25-берене. Жарактуулуктун токтошу
1. Ap бир Макулдашуучу тарап каалаган убакта экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашууну күчүн жоготуу чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтө алат. Мындай билдирүү ИКАОго бир учурда жөнөтүлүшү керек.
2. Мындай учурда, ушул Макулдашуунун күчү экинчи Макулдашуучу тарап билдирүүнү алган күндөн тартып он эки (12) айдан кийин токтойт, эгерде билдирүү ушул мөөнөт өткөнгө чейин макулдашылган түрдө артка кайтарылбаса. Эгерде экинчи Макулдашуучу тарап тарабынан билдирүүнүн алынгандыгы тууралуу тастыктоо берилбесе, билдирүү ИКАО тарабынан алынган күндөн тартып он төрт (14) күн өткөн соң алынган болуп эсептелет.
26- берене. ИКАОдо каттоо
Ушул Макулдашуу жана ага болгон ар кандай түзөтүүлөр Эл аралык жарандык авиация уюмунда катталууга тийиш.
27- берене. Күчүнө кириши
Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал аркылуу Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн алардын тийиштүү юридикалык талаптары аткарылгандыгы жөнүндө бири-бирине маалымдайт.
Өз мамлекеттеринин Министрлер Кабинети жана Өкмөтү тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөнкүдө кол койгондор, күбөлөндүрүү үчүн бул Макулдашууга кол коюшту.
2025-жылы «21» апрели Манама шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей аутенттүү, чечмелөөдө кандайдыр бир карама-каршылыктар келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
_______________________ | Бахрейн Королдугунун Өкмөтү үчүн
_______________________ |
| Тиркеме |
МАРШРУТТАРДЫН ТАБЛИЦАСЫ
Кыргыз Республикасынын дайындалган авиамекемеси(лери) тарабынан аткарылуучу маршруттар:
Бахрейн Королдугунан дайындалган авиамекемеси(лери) тарабынан аткарылуучу маршруттар:
|