АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-февралы № 6
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургуну Жээнбаев Нурмадилди Атай айылынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Атай айылынын тургуну Жээнбаев Нурмадилди Атай айылынын “Ардактуу атуулу” сыйлыкка көрсөтүү боюнча “Макмал Голд Компани” элдик жыйындын 2022-жылдын 10-февралындагы № 1-протоколунун негизинде сунушу кабыл алынсын.
2. Керектеле турган документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевге милдеттендирилсин.
Атай айылдык кенешинин төрагасы: |
| Н.Т.Жээнбаев |