Редакцияот 21.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 21-февралы № 1

 

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жана Атай айыл аймагындагы Абык каналынын 4км узундуктагы аянтын тазалап ондоо иштерин жүргүзүү үчүн “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жөнүндө

 

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын 17.02.2022 жылдагы №2 протоколу бекитилсин.

2.Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн элдик жыйынынын протоколун бекитип берүү жана Атай айыл аймагындагы Абык каналынын 4км узундуктагы аянтын тазалап ондоо иштерин жүргүзүү үчүн “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусу” мекемесине долбоор даярдап сунуштоо жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевге тапшырылсын.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Атай айылдык кенешинин

төрагасы:

 

Н.Т.Жээнбаев