Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жылдын 2-марты № 3

 

Атай айыл аймагына тийиштүү Кара Талаа жерин каратуу жөнүндө

 

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Асановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Соку таш”участкасындагы 29.4 га айдоо аянты боюнча Кара Суу айыл өкмөтү менен тактоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөт башчы А.Жаныбаевге тапшырылсын.

2. Жерди тактоо айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Асановго жана айыл башчылар Ж.Жөжөбаевге жана У.Шайырбек уулуна милдеттендирилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Атай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

Н.Т.Жээнбаев