Редакцияот 02.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жылдын 2-марты № 4

 

Атай айыл аймагындагы Баракан участкасын трансформациялоо жөнүндө

 

Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин орун басары К.Манапбаеванын Ар кандай маселелер боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атай айыл аймагына тийиштүү Баракан участкасын трансформациялоо боюнча иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчы А.Жаныбаевге жана айыл өкмөтүнүн Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго тапшырылсын.

2. Айыл өкмөт башчы А.Жаныбаевдин ар бир сессияга катышуу жагы каралсын.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Атай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

Н.Т.Жээнбаев