Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19 - августу №13/50
Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүнүн №117 дарегинде жайгашкан жер тилкесин жана имаратын алмашуу жолу менен муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 08-августундагы №11 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүнүн №117 дарегинде жайгашкан 1700,0 чарчы метр жер тилкесин жана имаратын жер участогуна алмашуу жолу менен КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл–Кыя шаардык бөлүмүнүн балансынан Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Кызыл–Кыя шаардык бөлүмүнө Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндөгү мурунку “Нур-КМ” АКнун аймагынан 0,3 га жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун 1-2-пункттарын аткарууда мыйзам чегинде тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри А. Бектуровго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Аматов |