Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19 - августу №13/51
Кулатов көчөсүндөгү мурунку “Нур-КМ” АКнун аймагынан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 08-августундагы №11 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кулатов көчөсүндөгү мурунку “Нур-КМ” АКнун аймагынан ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) 3,1896 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун 1-пунктун аткарууда мыйзам чегинде тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри А. Бектуровго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Аматов |