Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19 - августу №13/52
Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга жана сыркынды сууга тарифин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2025-жылдын 04-07-августундагы №14 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга жана сыркынды сууга тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 1).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Аматов |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(VIII чакырылышы)
2025-жылдын 19-августундагы 13-сессиясынын № 13/52
токтомуна тиркеме 1
Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин ичүүчү сууга тарифи
№ | Кызматтын түрү | 2022-жылдагы тариф, сом менен | 2025-жылдагы тариф, сом менен
| айырма, сом менен |
Калкка
| 10,28 | 11,10 | + 0,82 | |
Коммуналдык жана бюджеттик мекемелер
| 34,36 | 39,51 | +5,15 | |
Коммерциялык жана өндүрүш мекемелери
| 56,65 | 63,09 | +6,44 |
Кызыл–Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин сыркынды сууга тарифи
№ | Кызматтын түрү | 2022-жылдагы тариф, сом менен | 2025-жылдагы тариф, сом менен
| айырма, сом менен |
Калкка
| 7,06 | 7,62 | + 0,56 | |
Коммуналдык жана бюджеттик мекемелер
| 19,80 | 22,22 | +2,42 | |
Коммерциялык жана өндүрүш мекемелери
| 49,43 | 49,43 | - |
Шаардык кенештин жооптуу катчысы: У. Дарипова
“Сууканал” МИ башчысы: М.Шералиев