Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-августу № 53
КР эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Кадамжай шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйругу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Кадамжай шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жанамуниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнчаКадамжай шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаменти, “Кадамжай Тазалык” жана “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканалары тарабынан бир топ каржы жана башка бузууларга жол берилгендигин талкуулап чыгыптоктом кылат:
1. Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан аудиттик текшерүүдө көрсөтүлгөн кемчиликтер жоюлсун.
2. Каржы жана башка бузууларга жол берген жооптуу кызматкерлерге көрүлгөн чаралар боюнча шаардык кеңешке билдирүү берүү жагы шаардын мэрине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча жана Регламент, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |