Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-августу № 57
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 15-августундагы 01-05-1992 номери менен чыгышталган “А.Орозбеков көчөсүндөгү курулуштар бузулгандыктан муниципалдык жерден жер тилкесин берүү жөнүндө” кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объектерин(анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” № 56 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында А.Орозбеков көчөсүндөгү курулуштар бузулгандыктан компенсация катары муниципалдык жерден жер тилкесин берүү жөнүндө шаардык мэриянын кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кадамжай шардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош-Баткен-Раззаков жолун кеңейтүү максатында жол четиндеги курулуштарды жылдыруу үчүн А.Орозбеков көчөсүнүн күн батыш тарабындагы муниципалдык жерден ишкерлерге жер тилкесин мыйзам чегинде берүү жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |