КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 24
Кызыл-Адыр айылында орнотулган ЛЭД экранга жарнама берүү баасын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Адыр айылында орнотулган ЛЭД экранга жарнама берүүнүн баасын бекитип берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын сунушун Кара-Буура айылдык аймагынын кеңешинин сессиясында карап чыгып, Кара-Буура айылдык аймагынын кеңеши
Токтом кылат
1. ЛЭД экрандын жарнама акысы 2023-жылдын 31-декабрына чейин айына 5.0 (беш миң) сом, күнүмдүк жарнама берүүчүлөргө 1.0 (бир миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын “Бюджет,экономика жана инвестиция тартуу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Култаевге тапшырылсын.
Төрага | М. А. Джумагулов |