КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2023-жылдын 28-июлундагы № 22
Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин 2023-жылдын 19-июлундагы №2-6/3704 катар сандуу кайрылуу катын айылдык кеңештин сессиясында талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясын жана 25-статьясын жетекчилике алып Кара-Буура айылдык аймагынын кеңеши
Токтом кылат
1. Кызыл-Адыр айылындагы Кара-Буура райондук ДОСААФтын полигонунун түштүк тарабындагы муниципалдык жерден 0,10 га жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекетик мекемесине өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык кеңешинин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | М. А. Джумагулов |