Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 47
Орозбеков айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 “Кыргыз Республикасынын мамлекттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Мыйзамына, Орозбеков айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого жана айыл өкмөттүн 22.08.2025-жылдагы чыгыш №01-05/2208 сандуу сунуш катына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Өздөрүнүн тармактары боюнча көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана айыл аймактын билим, маданият жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон чоң салымдары үчүн төмөнкү жарандарга Орозбеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
1.1.Исаков Талип 1.2.Эргешов Мурадыл 1.3. Бакирова Тажи 1.4. Нишанов Абдуалим Тажибаевич 1.5. Абдуллаев Хабибулла Имарович 1.6. Абдирайимов Абсалам 1.7. Эшатов Жумабай Исрайилович 1.8. Ысманов Саидбурхан Дыканбаевич 1.9. Алимбеков Анарбай Мамалатипович 1.10. Назарбаев Абдунаби Салыевич
2. “Ардактуу атуул” күбөлүгү кызыл түстө болуп, ичинде толук дарек, күбөлүктүн номери, жарандын аты жөнү, айылдык кеңештин токтомунун номери, кабыл алынган датасы жазылат.
-Лентасы сары(алтын) түстө болуп, “Орозбеков айыл аймаыгынын ардактуу атуулу” жазуусу жазылат.
-“Ардактуу атуул” төш белгисинин жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу, ылдыйкы бөлүгүндө герби түшүрүлүп, айланасында Орозбеков айыл аймагынын Ардактуу атуулу жазуусу жазылат.
3. Токтомдун аткарлышын камсыздоо, Орозбеков айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” лентасын, төш белгисин жана күбөлүгүн даярдоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |