Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 48
Орозбеков айыл аймагындагы аз камсыз болгон жана жакыр үй бүлөлөрдөгү, жетүүгө кыйын бийик тоолуу, чек арага жакын жайгашкан айылдарда жашаган ваучер алуучу балдардын бир күндүк тамак-ашына жумшалуучу акча каражаттын наркын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы “Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” №693 Токтомуна жана Орозбеков айыл өкмөтүнүн 14.08.2025-жылдагы чыгыш №287 сандуу катына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймактагы аз камсыз болгон жана жакыр үй бүлөлөрдөгү, жетүүгө кыйын бийик тоолуу, чек арага жакын жайгашкан айылдарда жашаган ваучер алуучу балдардын бир күндүк тамак-ашына жумшалуучу акча каражаттын наркы 36 сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун талаптарына негиз иш алып баруу Орозбеков айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |