Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 47
Сары-Талаа айылынын Оро-Башы участкасынан “Суткалык жөнгө салуучу бассейинин” (БСР) курууга жер аянтын трансформациялоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 22.08.2025-жылдагы чыгыш №01-05/1484 сандуу катына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Сары-Талаа айылынын Оро-Башы участкасынан 3.0 га жер аянтын жайыт жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
2. Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, “Суткалык жөнгө салуучу бассейинин” (БСР) куруу максатында пайдаланылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |