Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 51
Сары-Талаа айылынын Надиркен участкасынан “Мекен ынтымагы” ЖЧКсына темир рудасын казып иштетүүдө чыккан калдыкты таштоо үчүн 2. 0 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине , Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 7 жана 40-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 22.08.2025-жылдагы чыгыш №01-05/1483 сандуу катына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Сары-Талаа айылынын Надиркен участкасынан аянты 2.0 гектар болгон жер тилкесин «Мекен ынтымагы» ЖЧКсына темир рудасын казып иштетүүдө чыккан калдыкты таштоо үчүн 2045-жылдын 19-июнуна чейин убактылуу пайдаланууга (ижарага) макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин 2045-жылдын 19-июнуна чейин ижара акысынын өлчөмү жана пайдалануу шарттарын көрсөтүү менен тиешелүү мыйзамдардын негизинде "Мекен ынтымагы" ЖЧКсы менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жерди пайдаланууда экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо, жердин бузулушун алдын алуу жана кайра калыбына келтирүү боюнча талаптар так сакталсын.
4. Токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдоо жана каттоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |