КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 9-июнундагы № 18
Күбөлүк, көктөмөлөрдү кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” №82-катар сандуу Мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Буура айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айылдык аймагынын “Кара-Буура айылдык аймактык кеңеши” мекемесинин фирмалык аталышы Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айыл аймагынын “Кара-Буура айылдык аймактык кеңеши” мекемеси (мындан ары мекеме) болуп өзгөртүлсүн.
2. Мекеменин фирмалык толук аталышы:
-Мамлекеттик тилде: Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айылдык аймагынын “Кара-Буура айылдык аймактык кеңеши” мекемеси.
-Расмий тилде: Учреждение “Кара-Бууринский айыльный аймакский кеңеш” Айтматовского района Таласской области.
3. Мекеменин юридикалык дареги өзгөртүлүп Талас облусу, Айтматов району,
Кызыл-Адыр айылы, Н. Кожомуратов көч №18 аныкталсын.
4. Мекеме мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана кайра каттоодон өткөрүүнү мекеменин башчысы Стамкулов Болот Музулумовичке тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын, өзүмө калтырамын.
Төрага | М. А. Джумагулов |