Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 52
Кара-Шоро айылынын Кара-Шоро участкасындагы Машалаң каналынын 3600-метрине Кара-Казык ЖЧКсына экинчи чакан ГЭСти курууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, “Кара-Казык”ЖЧКсынын директорунун орун басары А. Салиевдин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 22.08.2025-жылдагы чыгыш №01-05/1507 сандуу катына жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1.Кара-Шоро айылындагы узуну 3600м, туурасы 5м аянты 1,8 га болгон Машалаң каналын ондоо үчүн , узуну 200м, туурасы 30м аянты 0.6 га жер аянтын басым түтүктөрүн орнотууга, узуну 150м, туурасы 80м аянты 1.2 га жер аянтын ГЭСке машина залын жана башка курулуштарга, жалпы 3.6 га жер аянттарын жайыт жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө которулган жер аянтын муниципалдык менчикке каттап, “Кара-Казык” ЖЧКсына мыйзам чегинде ижара мөөнөтүн жана өзгөчө шарттарын бегилөө менен чакан ГЭС куруу максатында убактылуу пайдаланууга(ижарага) берүү тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |