Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 53
Орозбеков айыл аймагындагы Молдо Нияз каналын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июнундагы №271 токтомунун 4-бөлүмүнүн 18-пунктуна жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулунун 18.08.2025-жылдагы райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен өткөрүлгөн онлайн жыйынын протоколдук тапшырмасына Орозбеков айыл өкмөтүнүн 22.08.2025-жылдагы чыгыш №01-04/1493 сандуу катына, жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагындагы узундугу 10569 метр болгон Молдо Нияз каналын коргоо тилкеси менен жалпы 147966 ч.м жер аянтын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |