Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVIII  сессиясы

 

2023-жылдын 9-июнундагы № 17

 

Күбөлүк, көктөмөлөрдү кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” №82-катар сандуу Мыйзамын жетекчиликке алып, Кара-Буура айылдык кеңеши Токтом кылат:

 

1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айылдык аймагынын “Кара-Буура айыл өкмөтү” мекемесинин фирмалык аталышы Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айыл аймагынын “Кара-Буура айыл өкмөтү” мекемеси (мындан ары мекеме) болуп өзгөртүлсүн.

2. Мекеменин фирмалык толук аталышы:

-Мамлекеттик тилде: Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айылдык аймагынын “Кара-Буура айыл өкмөтү” мекемеси.

-Расмий тилде: Учреждение “Кара-Бууринский айыл окмоту” Кара-Бууринского айыльного аймака Айтматовского района Таласской области.

3. Мекеменин юридикалык дареги өзгөртүлүп Талас облусу, Айтматов району,

Кызыл-Адыр айылы, Н. Кожомуратов көч №18 аныкталсын.

4. Мекеме мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана кайра каттоодон өткөрүүнү мекеменин башчысы Стамкулов Болот Музулумовичке тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын, өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

М. А. Джумагулов