Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 47
Орозбеков айыл аймагындагы ички каналдарды Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, айыл өкмөттүн жер адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июнундагы №271 токтомунун 4-бөлүмүнүн 18-пунктуна жана Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулунун 18.08.2025-жылдагы райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен өткөрүлгөн онлайн жыйынын протоколдук тапшырмасына, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 22.08.2025-жылдагы чыгыш №01-04/1493 сандуу катына, жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагындагы Кайыңды-Охна каналынын Сары-Талаа айылынан Кош-Дөбө айылына жана Өндүрүш айылынын Жал участкасына чейинки узундугу 25900 метр болгон ички каналдарын коргоо тилкеси менен жалпы 336700 ч.м жер аянтын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |