Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 55
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга бекитилүүчү жергиликтүү бюджетинин божомолдуу долбоорунун киреше бөлүгүнүн көлөмүн бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин божомолдуу долбоорунун киреше бөлүгүнүн көлөмү 2026-жылга 34 505,6миң сом, 2027-жылга 38 506,3 миң сом, 2028-жылга 42 813,1 миң сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |