Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 61
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарып келген ишмердүүлүгу жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл өкмөтунун башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Полотовдун отчетун угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарып келген ишмердүүлүгу жөнүндө отчету айрым кемчиликтерин белгилөө менен канаатандыраарлык деп кабыл алынсын.
1. Ушул токтомдун негизинде жылдын аягына айыл өкмөтүнун алдына коюлган иш-чаралардын аткарылуусун камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: | Ш.Гапаров |