САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 62
Самаркандек айылынын Жайылма участогунун калкты сугат суу менен камсыз кылуучу арыктарды бетондоого акча каражатын бөлүп берүу жөнундө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовдун билдирүүсун угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылынын Жайылма участогунда сугат суу арыктарын бетондоо жумуштарын аткаруу максатында калдык калган 907,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнун башчысы К.Масалиевага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.