САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 63
Самаркандек айыл аймагында 2025-жылдын ноябрь айында айыл чарба каттоосун өткөрүү өнөктүгүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовдун билдирүүсун угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-жылдын ноябрь айында өтүүчү айыл чарба каттосуна 50,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Масалиевага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.