Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 64
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлердин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовдун билдирүүсун угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мөөнөтсуз пайдалануусуна өткөрүлүп берилген жерлеринин ижара акысы белгиленген формуладагы К-коэфициенти төмөнкүдөй белгиленсин:
К/н
№ | Жердин жайгашкан жери | Жердин контуру | Жердин аянты, га | Жердин түрү | К-коэфициент |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 | Жаңы-Бак | 107 | 5,74 | Сугат айдоо | 20 |
2. | Жаңы-Бак | 104, 46, 47 | 9,06 | Көп жылдык бак | 30 |
3. | Самаркандек | 40 | 11,0 | Көп жылдык бак | 30 |
4. | Самаркандек | 283 | 7,11 | Сугат айдоо | 20 |
5. | Самаркандек | 4” | 1,4 | Сугат айдоо | 20 |
6. | Миң-Өрүк | к/ж | 6,15 | Сугат айдоо | 20 |
7. | Рават | 4621 | 44,0 | Кайрак айдоо | 30 |
8. | Рават | 4665 | 43,0 | Кайрак айдоо | 30 |
9. | Рават | 4158 | 37,0 | Кайрак айдоо | 30 |
2. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча тоорукту (аукцион, конкурс) уюштуруу жана өткөрүүгө 10,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жер адиси Ж.Карабаевгемилдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: | Ш.Гапаров |