Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 65
Атуулдун пайдаланып жүргөн кыймылсыз мүлктөрүн жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Самаркандек айыл өкмөтүнун жер адиси Ж.Карабаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылынын тургуну Абдуллаев Авазбек Сейдалиевичтин мурдатан бери пайдаланып келген Самаркандек айылынын Курулуш көчөсүндөгү 8-01-05-1001-0361 идентификациялык кодундагы 0,12га жер участогу жана анда жайгашкан турак үйү өзүнө жеке менчикке кезексиз бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси Ж. Карабаевге тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: | Ш.Гапаров |