Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 71
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнундөгү” ”№3 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасына ылайык жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Карабаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандеке айылыны тургуну Джураев Канатбек Абдукаримовичтин арызы боюнча– Самаркандек-Шураб автожолунун чыгыш тарабында №734 контурундагы 0,50 га жер тилкесин тилкеси “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” таштуу жайыт жерлер түрүнөн өздөштүрүп бак-дарак отургузуу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” көп жылдык бак-дарактар түрунө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси Ж. Карабаевге тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: | Ш.Гапаров |