Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 74
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнундөгү” ”№3 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасына ылайык жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Карабаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Жаңы-Бак айылынын тургуну Примкулов Дехкан Аминовичтин арызы боюнча – Самаркандек-Мадыген жаңы автожолунун чыгыш тарабында №1800 контурунда жайгашкан 0,50 га жер тилкеси “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” таштуу жайыт жерлер түрүнөн өздөштүрүп бак-дарак отургузуу үчүн “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” көп жылдык бак-дарактар түрунө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
Тѳрага: | Ш.Гапаров |