Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы

 

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 29

 

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө

Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгын ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо” боюнча нускамасын сессияда карап чыгып, Кара-Буура айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Жергиликтүү курултайды уштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун 11 адамдан турган курамы жана чогулушту өткөрүү графиги 1,2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык кеңешинин “Укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент, курулуш, ички жолдор жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М. А. Джумагулов