Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз III сессиясынын
2025-жылдын 15-апрели № 3-10-1
«Майлуу-Суу шаарынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө»
Майлуу-Суу шаардык кеңеши 2024-жылы шаардын киреше бөлүгүнө, атайын каражат жана Республикалык бюджеттен түшкөн расмий трансферттер менен бирге 122 240,9 миң сом түшкөндүгүн же башкача айтканда такталган планга салыштырмалуу 102,0% ды түзгөндүгүн белгиледи. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 127 883,5 миң сомду түзгөн же такталган планга салыштырмалуу 93,7% ды түзөт.
Отчеттук мезгилдин ичинде Республикалык бюджеттен түшкөн максаттуу трансферттер 13697,8 миң сомду түзгөн, анын ичинде:
- 25,3 миң сом айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлердин мүлк салыгынын түшүүсүнүн эсебинен;
- 287,4 миң сом статистика адисин каржылоо;
- 11224,8 миң сом Субсидия муниципалдык ишканага «Кыргыз теплоэнерго»
- 2159,7 миң сом жаңы ачылып жаткан бала бакчанын чыгашаларына;
- 0,6 миң сом коопсуз шаар;
Бюджеттик мекемелердин 2025-жылдын 1-январына болгон кредитордук карызы 8490,7 миң сомду түздү, анын ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрү боюнча 8412,2 миң сом.Ошондой эле дебитордук карыз 665,0 миң сом.
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматын карап чыгып, шаардык кеӊештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдагы отурумдарынын протоколдорун негизинде такталган бюджетти жана депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин X чакырылышынын кезектеги ІІІ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын 2024-жылдагы бюджетинин такталган планынын киреше бөлүгү 119 786,7 миң сомго (Тиркеме №3 ) бекитилсин.
2. Шаардын 2024-жылдагы бюджетинин такталган планынын чыгаша бөлүгү боюнча 136 475,0 миң сомго (Тиркеме №4 ) бекитилсин.
3. Майлуу-Суу шаарынын 2024- жылга бюджетинин киреше бөлүгүн атайын каражат, максаттуу трансферттери, активдер жана милдеттемелери менен 122 240,9 миң сом №1-тиркемеге ылайык, чыгаша бөлүгү 127 883,5 миң сомго аткарылышы № 1,2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |